Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун декларациясы

Мамлекеттик Салык кызматы жогорку кызматта иштеген жарандардын 2017-жылга карата декларациясын жарыялады.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылы 996 миң 671 сомдук киреше тапканы декларациясында көрсөтүлгөн. Ал эми чыгашасы жазылган эмес. Исаков 127,4 чарчы метрлик батирге жана 20,2 чарчы метрлик гаражга ээ. Исаковдун декларациясында башка мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес.

Исаковдун жакын туугандары болсо 2017-жылы 140 миң 986 сомдук киреше тапкан. Алар 370,2 чарчы метрлик турак-жайга жана Лексус RX450H үлгүсүндөгү автоунаага ээ экени көрсөтүлгөн.

Сапар Исаков 2017-жылдын январь-март айларында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары, августка чейин президенттик аппараттын башчысы, августтан тарта премьер-министр болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erik2018
2018-11-08 14:15:26
Сапар Исаковду тыкыр көзөмөлгө алыш керек. Мунун мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу керек.
0
pat12
2018-11-08 14:29:27
Исаковдун эч кандай куноосу жок. Жээнбековтор атайын жасашты.
-2
Qwer007
2018-11-08 14:43:44
Адамдарды ишене берет дейт окшойт. Алар биринчиден озунун атына жаздырбайт экинчиден мулкторун чет олкодо банкта сакташат..
+1
kalbek87
2018-11-08 15:35:28
Кызылдай калп. Булар мулкторун досторуна , туугандарына каттатышкан кылдаттык менен текшериш керек.
+1
ady-88
2018-11-09 00:38:35
Ала тоо. Ресторанын эле алып карасанар балашканын эжесине таандык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан