АКШнын президенти Дональд Трамптын Голливуддагы даңк аллеясына орнотулган жылдызын сындырган адам 3 жыл сынак мөөнөтү менен шарттуу кесилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Остин Клэй кылган ишин моюнуна алган. Сот Клэйди 1 күн абакта отурууну жана 20 күн коомдук жумуштарга чыгууга милдеттендирген. Ошондой эле кылмышка шектүүгө 3 жыл сынак мөөнөтү берилген.
Мындан сырткары сот Клэйди психологго кайрылып, Голливуд эсеп палатасына 9 миң 400 доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Кылмышка шектүүнүн жактоочусу соттун чечимине канааттанганын билдирген.
Эскерте кетсек, Дональд Трамптын жылдызы 2018-жылдын июль айында талкаланган.