Тажикстанда абактагы чуудан 13 кылмышкер каза болуп, айрымдары качып кеткендиктен Баткендеги чек ара бөлүмдөр көзөмөлдү күчөттү

Тажикстандын Хожент шаарында жайгашкан абакта чуу чыгып, бир нече кылмышкер октон каза болуп, айрымдары качып кеткени айтылгандан кийин Баткендеги чек ара бөлүмдөрү чек арага болгон көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Боробаеванын айтымында, абак жайдагы чуудан кийин эки тараптын чек ара кызматы маалымат алмашып, ушундай чечим кабыл алынды.

"Хожент шаарындагы абак жайында чыккан чуудан улам эки өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда маалымат алмашуу болду. Учурда эки өлкөнүн чектешкен аймактары көзөмөлдөнүүдө. Учурда 5 өткөрүү пунктунда кызматкерлер чек арага болгон көзөмөлдү күчөттү", - деди Боробаева.

Айрым маалыматтарга караганда, 8-ноябрга караган түнү абак жайында болгон чуудан улам 13 кылмышкер атылган октон каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulnyr19
2018-11-08 22:33:59
Давно чек арадан өтүп кетишти да алар ачык эле жататко Арка менен чектешкен тарабы
+2
ikitaidesu
2018-11-09 02:06:09
Биздин чек ара кызматынын чоңдоруна бул маалымат жеткиче алар эсен аман кирип, жайгашып болушту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан