
Кош бойлуу аялдын тамеки чегүүсү баласынын көзүнүн чалыр болуп калуу ыктымалдыгын эки эсе жогорулатарын окумуштуулар айтып чыгышты.
Кытайдагы Уахань илимий-технологиялык университетинин илим изилдөөчүлөрү кош бойлуу аялдардын тамеки чегүүсү баланын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, чалыр көздүү болуп калуу ыктымалдыгын жогорулата тургандыгын изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкташкан.
Окумуштуулар 5 миңге жакын көзү чалыр жаңы төрөлгөн ымыркайлардан жана өспүрүмдөрдөн анализдерди алышкан. Изилдөө учурунда анализ алынган балдардын апалары кош бойлуу кезинде тынбай тамеки чеккендиги аныкталган. Тамеки чеккен аялдын баласы көзү чалыр болуп төрөлүп калуу ыктымалдыгы 17 пайыздан 80 пайызга чейин өскөн.
Мындан сырткары, кош бойлуу кезде тамеки чегүү баланын көзү чалыр болуп калуусуна гана алып келбестен, 2 көзүнүн тең көрбөй калуусуна алып келиши мүмкүн экенин белгилешкен.