Өзбекстанга жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

Кыргыз жараны Кыргыз-Өзбек чек арасынан жасалма паспорт менен кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан 8-ноябрда кабарлашкандай, 59 жаштагы жаран "Чечме" унаа жол өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстандагы Сох анклавына кирүү үчүн чек арачыларга кыргыз паспортун көрсөткөн.

Бирок чек арачылар анын паспортунан күмөн санап, текшергенде толугу менен жасалма болуп чыккан. Кармалган жаран өзүнүн паспортун жоготуп алгандыктан Өзбекстандын аймагына жасалма паспорт менен кирүүнү максат кылганын түшүндүргөн.

Мындан аркы иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кармалган жаран аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан