С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын актрисасы Самара Каримова “Мукам үндүү, көп кырдуу талант” номинациясынын жеңүүчүсү жана Т.Турсунбаева атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты болду. Мындай жеңиштерге Самара Каримова 1-4-июль күндөрү Нарын облусунда белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган 5-театралдык фестивалда жетишти. Ырчы жана актрисанын айтымында, аталган номинацияга ээ болуу үчүн ал фестивалда 4 күн бою өткөрүлгөн театралдык шеринеде фольклордук жанрдагы ырларды аткарган. Сыйлыкты ырчыга Т.Турсунбаева атындагы Республикалык фонддун президенти, актрисанын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев тапшырган. “Кыргызстанда биринчи жолу тапшырылып жаткан мындай номинацияга ээ болгонума толкунданып турган чагым”,- деп билдирди Самара Каримова.