Бишкектин 70 жаштагы тургуну Орусияга кетип, 3 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан уулун издейт. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Исагалый Жолдошевдин тууганы Алмаз билдирди.
"Агам Исагалый 2009-жылдан бери Орусияда иштеп келген. Телефон чалып, ар дайым ата-энебизди, тууган-урукту сурап турчу. Акыркы жолу 2015-жылы жайында байланышка чыккан бойдон дайынсыз болууда. Ошондо ал Санкт-Петербург шаарында иштеп жатканын билдирген. Ал баары жакшы экенин айтып, кабатырланбагыла деген болчу.
Ошол убакыттан бери ал байланышка чыга элек. Ар кандай ойлор келет, аны ата-энебиз, бир туугандары чыдамсыздык менен күтүп жатат. Эгер аны көргөн-билгендер болсо кабарлап койсо аябай ыраазы болмокпуз. Атам менен апам аны аябай көп ойлойт, үмүтүн үзбөй күтүп келет, акыркы жылдан бери нерв оорусуна чалдыгып да калды. Атабыз учурда катуу ооруп, оор абалда жатат. Менимче, ал көп ойлоно берип, кусалыктан ооруп калды. Агам табылып калат, байланышка чыгып калар деп күн сайын күтөбүз", - дейт Алмаз Жолдошев.
Исагалый Жолдошевди көргөн, билгендер болсо 0558 71-08-71 номерине кабарлап коюусун Алмаз аттуу тууганы суранат.