Бишкекте өлкөдөгү диний окуу жайлардын жетекчилери окуудан өтүшөт

Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы 10-11-ноябрь күндөрү Бишкекте өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын директорлоруна "Диний билим берүүнүн коомдогу орду" аталышында окуу семинарын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинардын ачылышы борбор калаадагы "Биринчи кадам" медресесинде болот. Ага муфтий Максат Токтомушев, "Дүйнөлүк Куран жана Сүннөт" уюмунун өкүлү, доктор Ахмад Сайфуддин Туркестаний катышат.

"Семинардын алкагында окутуунун жаңы усулдары, программаларды жакшыртуу жана тереңдетип үйрөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен студенттердин кызыгуусун арттыруу, заманбап технологияларды колдонуу маселелери каралат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ka2sr1
2018-11-09 11:32:05
Жээнбеков келгенден баштап, кочмон кыргыз элин арабташтыруу саясаты кучоп жатат. Диндин аягы барып кыргыз элинин арабташуусуна алып келет. Элди динге жакындатпаш керек эле. Дин -
фанатизмге алып барат. Андан коро адамдар билим - илимий технология аркылуу гана дуйнонуу терен тануу зарыл. Адамдын дуйно таанымы искуство, чыгармачылык, билим аркылуу келерин далилденген.
+2
erlan2196
2018-11-09 12:23:09
Динге жамынып арабтардын жашоосун Кыргызстанга көчүрүп келбегиле. Ислам дини арабтардын гана көз карашын тануулап жатат. Диний окуу жайларда арабтардын диний адабият чыгармалары менен жаштарды шыктандырып, алардын ички дүйнөсүн тез арабташуусуна шарт түзүлүп жатат. Бизде илимий окумуштуулар жаштар арасында изилдөө жүргүзбөй эле, арабташкан молдолордун коз карашын угуп отура бересинер.
-2
sinej
2018-11-09 12:50:33
Билимсиз жерде дин кучойт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан