СУПЕРСТАН: "Үй-бүлөсү бар адамды сүйүп жашайм"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлөсү бар адамды сүйүп жашайм " деген тема талкууга алынган.

Автор: "Ата, бүгүн эрке кызыңдын жүрөгү жараланды. Эми бүт ааламды жек көрүп, сүйүп жашайт үй-бүлөсү бар адамды... Эхх... Аттиң күнүм эмне үчүн мени сага жолуктурду экен? Тагдырыбыз чирелешип, жашообузду булгап алдык. Турмушка чыкканыма 7 жыл болуптур, ушул жылдар жашоом бир калыпта келе жаткан, өзгөрүүнүн баары менин жумушумду башка жакка которгондон башталды. Кассир болуп 4 жыл иштеп аябай чарчадым. Бир таанышымдын айтуусу боюнча алардын компаниясынын башка кеңселеринен жумуш сурап көр деди. 28-май күнү "Канат байке ким?" деп ал айткан кеңсеге келдим, ага кезиккенде "мен жумуш сурап келдим" деп резюмемди таштадым. Байке дароо эле 2-3 кагаз берип толтуруп, "30-майдан тартып жумушка чык" деди. Күтүлбөгөн жаңылык болду, мен "бир-эки айда чакырат го, ага чейин кассада иштеп турам" деп ойлогом. Үйдөгүлөргө, азыркы жумуштагы жетекчиме дагы айткан эмесмин. Күйөөмө айтсам "которула бер" деди, жетекчилик "эртерээк айтсаң болмок экен" деп макул болду. Июнь айынан баштап мен насыя берүү боюнча эксперт болуп иштей баштадым. Канат деген мага күндө сабак өтөт, кеңседе 5 кыз, 3 эркек чогуу иштейт экенбиз. Башында көнө албай, анан өздөштүрүп кеттим".

Окуяны толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Автор, эгер анын үй-бүлөсү болсо алыс жүргөнүңүз жакшы, аялынын, балдарынын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Сүйүү экен дебей андан алыс болуңуз, сүйүүгө эрк берип болбойт. Бирок кээде чектен ашып кеткен учурлар болот. Анан чектен ашканда жашоону, жоопкерчиликти ойлонбойт экенбиз. Башканын бактысына өз бактыңды кура албайсың".

- "Үй-бүлөсү барларга тийишпей эле койгулачы, кыздар! Чымчыктын да уясы бузулбасын, үй-бүлө - бул чоң жоопкерчилик. Көзүңөрдү сүзүп, үй-бүлөлүү эркектерди азгырбагылачы, мотурайган балдарынын убалы жаман..."

- "Үйдөн таппаганын көчөдөн издейт деп эркектерди айтышчу эле. Аялзатында деле болот окшобойбу".

- "Канаттын аялына боорум ооруду. Байкуш ал үйүндө күйөөсүн күтүп, түнөбөй калса сарсанаа болуп. Сага да боорум ооруду анткени сен алсыз аялзатысың. Бир көңүл, жылуу сөз, жүрөгүм деп атып бир жакшынакай үй-бүлөнү бузганга да дитиң барат экен".

- "Аялдар деле адам да, кагып-силкип турган эринен тажаганда Канат жолуккан экенда. Негизи бизде, кыргыздарда туура эмес түшүнүк бар. Аялзаты чыдамкай болуш керек. Үй жумуштары башка тема, кайын журт башка, ал эми күйөө башка тема. Бизде ошонун баарын аялга жүктөп койгон. Мен бул пикирим менен аялдын кыянаттыгын туура дебейм. Жөн гана аялга да жылуу сөз керек демекчимин. Аны робот деп ойлобогула, эркектер. Ошол роботто да жүрөк бар, көңүл бар. Эгер эркек аялына жетиштүү көңүл бурса бул келин Канат дегенден 10ну жолукса да кайрылып карамак эмес".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
miraiymka
2018-11-14 10:02:29
Уй булосу бар эркекти суйсо макул бирок уй булосун бузган аялзатына наалат!!!суйсон билдирбе уй булосун бузба!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан