Бишкекте 90 жаштагы абышканы сабаган адам мас абалда болгон жана аны себепсиз ур-токмокко алган

Бишкекте "90 жаштагы абышканы ур-токмокко алган" деп шектелген жаран аны себепсиз сабаганын айткан. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына милициядагы өздүк булактар билдирди.

"Абышканы сабаган 1978-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранга Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сурак учурунда ал 90 жаштагы Г. Н. аттуу шаар тургунун себепсиз урганын билдирген. Окуя болгон учурда ал мас абалында болгон. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирди булак.

Эске салсак, окуя 7-ноябрь күнү Жибек Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан базардын жанында орун алган. Анда белгисиз адам көчөдө кетип бараткан улгайган кишини сабап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада 90 жаштагы жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boston___
2018-11-10 10:24:18
себепсиз жазасын алсын эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан