13-14-ноябрда өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт

13-14-ноябрда өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрдан баштап республиканын аймактарында туруксуз аба ырайы орун алат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жамгыр карга айланат, тоолуу райондодо кар жаайт. Ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан