Ош мэриясы шаар тургундарынын кайрылуусун онлайн кабыл алган долбоор ишке ашканы айтылды

Бүгүн, 12-ноябрда республикалык жаштар конгрессинин жыйыны өтүүдө. Анда жыйындын катышуучусу Назгүл Акылбек кызы "Ош шаарынын калкынын кайрылууларынын онлайн картасы" долбоору ишке ашканы тууралуу айтты.

Ал билдиргендей, онлайн кайрылуу аркылуу жарандар мэриянын кызматкерлерине түз кайрыла алат. "Жарандар өздөрүнүн суроолоруна 2 жуманын ичинде жооп алат. Эгерде суроолорго жооп кечиктирилсе тийиштүү кызматкер жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул долбоордун ишке ашканына жергиликтүү бийлик дагы кызыкдар болду. Алар шаардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар бир жарандын кайрылуусу маанилүү экенин айтышууда. Мындай долбоор Ош шаарында эле эмес, башка аймактарда дагы ишке ашса жакшы болмок", - дейт жыйындын катышуучусу.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков жана аймактардан келген жаштар катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suyor
2018-11-12 11:02:04
Кантип онлайн кайрылат, жол жобосун айткыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан