Өзбек бийлиги Орусияда убактылуу кармоочу жайда отурган 170 жаранына жардам берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Эмгек министрлигинин социалдык тармактагы баракчасына жазылды.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Троица аймагындагы Сахарово айылында миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн кармалып турган 170 Өзбек жараны мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келинет.
"31-октябрда эмгек министринин биринчи орун басары Эркин Мухитдинов баш болгон делегация убактылуу кармоочу жайдагы Өзбек жарандары менен жолугушуп, алардын шарттары менен таанышты. Ошондой эле, алардын мекенине кайтуусу үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу айтылып, мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келине тургандыгы билдирилди", - деп айтылат маалыматта.