Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, кардын калыңдыгы 7-8 сантиметрге жеткен. Жумушчулар кум, туз себишип, жолду тазалашууда.

"Учурда ашууда катуу кар жаап, жол тайгалак болууда. Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгени менен жеңил унаалар үчүн жол ачык", - деп билдирди маалымат кызматы.

Ошондой эле маалымат кызматы азыркы тапта Өтмөк ашуусунда кардын калыңдыгы 12-13 сантиметр, Ала-Белде 6-7 сантиметр болуп жаткандыгын маалымдап, айдоочуларды жолдо жүрүүдө унаалар ортосундагы аралыкты сактоого жана зарыл болбосо узак жолго чыкпоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан