Бүгүн, 12-ноябрда республикалык жаштар конгрессинин жыйыны өтүүдө. Иш-чаранын катышуучусу Эрмек Адылбеков "Ачык асман" демилгеси боюнча долбоор менен тааныштырды.
Ал учурда экологиялык роликтерди мамлекеттик телеканалдар аркылуу чагылдырууда кыйынчылыктар болуп жатканын айтты. "Мамлекеттик телеканалдар аркылуу экологиялык роликтерди чагылдырууда бир канча каражат төлөнүшү керек. Бул маселеге активисттер же экологиялык уюмдар эле эмес, бардыгыбыз кызыкдар болушубуз зарыл. Ошондуктан экологиялык роликтерди телеберүүлөр аркылуу акысыз чагырууну сунуштайбыз", - дейт Эрмек Адылбеков.
Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков жана аймактан келген жаштар катышууда.