Өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген жаран чек арадан башка бирөөнүн паспорту менен кармалды

“Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунан өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган жаран башка адамга тиешелүү паспорт менен Казакстандын аймагына өтмөкчү болгон жеринен кармалды. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

"11-ноябрда чек ара кызматкерлери тарабынан Казакстандын аймагына 1992-жылы туулган С.К. аттуу жаранга таандык паспорт менен өтүүгө аракеттенген 27 жаштагы Ж.К. аттуу жаран кармалды. Белгилүү болгондой, кармалган жаран өз балдарына чектелген алиментти төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирилгени маалым болду", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган жаран Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан