Бишкектеги супермаркеттердин биринде өз өмүрүнө кол салган жаранды туугандары алып кетишти

Бишкектеги супермаркеттердин биринде кан тамырын кесип салган жаранды туугандары алып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички ичтер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурлан Кайназаров кабарлады.

Анын айтымында, өмүрүнө кол салган жарандын абалы азыр жакшы.

"Супермаркетте кан тамырын кесип салган жаранды туугандары алып кетишкен. Анын абалы жакшы. Тергөөчүнүн айтымында, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн бүгүн ал жаран ички иштер бөлүмүнө келиши керек. Азыркы учурда тергөөчү аны күтүп жатканын билдирди", - деди Нурлан Кайназаров.

Белгилей кетсек, 9-ноябрда Бишкектеги супермаркеттердин биринде 25 жаштагы жаран өз кан тамырын кесип алган. Шаардык милиция өзүнө кол салган жаран 25 жаштагы Ысык-Көлдүн тургуну экенин жана "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан