Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Балбай Дордоков мелдештин чейрек финалына чыкты

Бүгүн, 12-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анда мелдештин алгачкы күнү 5 салмак ченинде беттештер өтүүдө.

Кыргыз өлкөсүнөн бул күнү 4 балбан медалдар үчүн күч сынашып жатат. 55 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Балбай Дордоков ирандык Реза Хедри менен жарым чейрек финалдын алкагында кез келди. Беттештин жүрүшүндө Дордоков 4 упай топтоп, ирандык балбан упай топтой алган жок. Муну менен Балбай Дордоков мелдештин чейрек финалына чыкты.

Буга чейин 77 килограммга чейинки салмак ченинде Ринат Ильяз уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип, чейрек финалга чыккан. Ал эми 87 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Калидин Асыкеев алгачкы атаандашына утулуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан