Депутат Зарылбек Рысалиев: "Алиясбек Алымкуловдун бюстунун орнотулушу тарбиялык жактан туура эле"

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар. Тирүү адамга эстелик орноткон бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда.

SUPER.KG порталынын "Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев жооп берди.

Ал баатырларды көзү тирүү кезинде сыйлоо керектигин айтты.

Брежнев, Лениндин убагында көзү тирүү болсо дагы канча жолу эстелик тургузулган. Азыркы убакта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго бюст, эстеликтер тургузулуп келет. Адамдын эмгегине карата эстеликти тургузса болот. Алиясбек Алымкуловго бюст тургузулду. Бул боюнча кээ бирөөлөр ар кандай сын-пикирлерди айтып жатышат. Тарбиялык жагынан караганда эстелик тургузулганы туура эле. Баатырларды тирүү кезинде сыйлаш керек”, - дейт Рысалиев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Каныбек Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарандык активисттер Алга Кылычев, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан