Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар. Тирүү адамга эстелик орноткон бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда.
SUPER.KG порталынын "Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жооп берди.
Ал тирүү адамга эстелик орнотуу туура эмес адатка айланып кетиши мүмкүн дейт.
“Тирүү адамга эстелик орнотуу Греция, Рим империяларында, Байыркы Египетте болгон. Алардын башкаруучулары бийликти мыкчып турушкан. Жакынкы тарыхта болсо, Советтер Союзунун эки жолку баатырына тирүү учурунда бюст орнотулган. Бирок биздин абалыбыз жаман болуп турган учурда Алымкуловдун мындай кадамга барганы туура эмес болду. Ал көкжал, ак ниет жигит. Айылдаштары эле муну ыңгайсыз абалга калтырган окшойт. Тирүү адамга эстелик орнотуу жаман адат да. Бизде акчасы көп адамдар толуп жатпайбы. Баары эле эстелигин орното берсе, Бишкек ташка толуп кетпейби. Алиясбек Алымкулов андайлардын катарына кирбейт. Бул окуяга ортого түшкөн бир-эки адам себепчи болуп калыптыр”, - деди Осмоналиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жарандык активисттер Алга Кылычев, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.