Тарыхчы Кыяс Молдокасымов: "Райондук деңгээлде аттуу-баштуу адамдарга тирүү кезинде эстелик коюу кадыресе көрүнүш болуп калды"

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы маданият үйүнүн алдында 20 адамдын эстелиги орнотулуп, ачылышы 10-ноябрда өткөн. Алардын арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар. Тирүү адамга эстелик орноткон бул окуя коомчулукта кызуу талкууланууда.

SUPER.KG порталынын "Тирүү адамга эстелик тургузуу туурабы?" деген соболуна тарыхчы Кыяс Молдокасымов жооп берди.

Ал эстелик менен бюсттун айырмасы бар экенин айтты.

“Райондук деңгээлде аттуу-баштуу тирүү адамдарга эстелик коюу кадыресе көрүнүш болуп калды. Райондук же айыл өкмөттүн бюджетинен акча иштетип, орнотуп жатышат. Бирок адам өзүнө-өзү эстелик тургузса одоно көрүнүш болуп, акылга сыйбай калат. Айыл өкмөттүк, райондук деңгээлдеги көрүнүктүүлөргө тургундар таанысын, билсин деп тирүү кезинде эстеликтерди коюп жатышат. Советттер Союзу учурунда да Советтер Союзунун Баатыры, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын эки жолу алгандарга тирүү кезинде эстелик коюуга уруксат беришкен болчу. Эгемендүүлүктү алгандан бери бул көрүнүш мамлекеттик деңгээлде кайталана элек болчу”, - деди Молдокасымов.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев, экс-депутаттар Каныбек Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев, жарандык активисттер Алга Кылычев, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан