Суук түшкөнүнө байланыштуу Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, азыркы тапта аталган жайларга жалпысынан 160 адам жайгаштырылган. Алардын баары ноябрь айынан март айына чейин иштеп, күнүнө 100 кишиден кабыл алат. Туруктуу жашаганга жери жок жарандар бул жайларга түнөп, жашоочуларга бир маал ысык тамак берилет.
Ленин районунда
"Боорукерлик борбору" - дареги Трудовая көчөсү №10-үй. Аталган дарекке оор абалда калган балалуу аялдар бара алат. Учурда борбордо 11 аял 17 баласы менен жашап жатат. Директору Уркуя Исманова. Байланыш номерлери: 0312-64-48-71, 0550-54-66-22;
Биринчи Май районунда
Жибек Жолу №413-дарегинде жайгашкан "Коломто" борбору. Борбор жалпысынан 100 адамга ылайыкташкан. Учурда ал жакта 70 киши жашап жатат. Аларга бир маал ысык тамак берилет. Борбордун жетекчиси Айгүл Сманалиеванын байланыш номери 30-48-55;
Свердлов районунда
Фере көчөсү №34-даректе жайгашкан. Баш калкалоочу жайдын даректүү жардам көрсөтүү бөлүмүнүн адиси Зеркинбек Мамаев. Байланыш номерлери: 0312-36-03-35, 0556-56-46-56.
Октябрь районунда
Аталган райондогу жардамга муктаждар 12-кичи райондо жайгашкан ыңгайлаштыруу комбинатындагы баш калкалоочу жайга барса болот. Адис Сталбек Эсенкуловдун байланыш номери: 0708-88-02-18.