Кечээ, 12-ноябрда Беларустун Эл артисти, композитор Игорь Лученок Минск шаарында 81 жашында көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Эл артисти Анатолий Ярмоленко жеке баракчасына жазгандан кийин жергиликтүү маалымат булактары тастыкталган кабарды жазышты.
"Игорь Лученок дүйнөнүн улуу композитору болчу. Анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ал биздин жүрөгүбүздө сакталып калат" деген өзүнүн билдирүүсүндө музыкант Анатолий Ярмоленко.
Маалыматта жазылгандай, акыркы жылдары композитор Игорь Лученоктун ден соолугу жакшы эмес болгон. Дарыгерлер композитордун инсультка кабылганын аныкташкан.
Кечээ, 12-ноябрда Игорь Лученокко операция жасалып, жасалма дем алдырышкан. Бирок композитор эсине келбей ооруканада көз жумган.
Анын 80 жылдык мааракеси ушул жылдын сентябрь айында чоң масштабда өткөрүлгөн.
Игорь Лученок 1938-жылдын 6-августунда Минск шаарында дарыгерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал кичинекей кезинен эле скрипка чертип, 13 жашында музыкалык мектепке барган.
Айта кетсек, Лученоктун "Минск тууралуу ыр" чыгармасы шаардагы мунарада куранттар тарабынан саат сайын уктурулуп турат. Анын чыгармалары - "Он родился весной", "Потому что у меня есть ты", "Баллада о солдатском сердце", "Пробуждение весны" жана башка.