"Кыргыз-казак - бир тууган" аттуу көркөм тасма тартылат
"Кыргыз-казак - бир тууган" аттуу
көркөм тасма тартылат. Бул тууралуу тасмада роль жаратуучу актёр Назым Мендебаиров
билдирди. Комедиялык жанрдагы бул тасмада кыргыздын белгилүү актёрлору Назым Мендебаиров менен Камчы Сарыбаев, казак тараптан Тунгышбай Жаманкулов баш болгон бир катар актёрлор роль
жаратышат. “Кыргыз-казак - бир тууган" демекчи, эки улуттун таанымал актёрлору бир тасмада роль жаратышып, эки улуттун ортосундагы бири-бирин теңсинбеген айрым көрүнүштөргө чекит коймокчу. Тартуу иштери жакынкы убактарда башталат”,- дейт Назым мырза.