Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов канча жаран биометрикалык каттоодон өткөнүн сурады.
"Канча жаран биометрикалык каттоодон өттү? Каттоодон өтпөгөн канча жаран калды?" - деп сурады депутат. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова 29-октябрга карата маалымат боюнча 3 миллион 315 миң 641 жаран биометрикалык каттоодон өткөнүн билдирди. Ал эми канча жаран каттоодон өтө электиги тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
Турускулов "Бул боюнча сиздин маалыматыңыз жок болсо, анда кимдин маалыматы бар?" деп Шаикованын жообуна нааразы болду.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.