Бүгүн, 13-ноябрда таңкы саат 7:00дөн тарта Бишкек шаарынын көчөлөрүндө "Жөө жүрүүчү" рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаардын 4 районундагы Ички иштер башкармалыктарында атайын инструктаж өткөрүлүп, рейд учурунда өзгөчө көңүл окуучуларга бурулуу керектиги айтылган.
Аталган иш-чарага жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштешкен инспекторлор, Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери катышууда. Алар кыймыл көп болгон көчөлөрдө жана мектептердин алдында турушуп, жөө жүрүүчүлөрдүн жана айдоочулардын жол эрежелерин сактоосун көзөмөлдөшүүдө.
Рейддин негизги максаты жөө адамдар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана санын азайтуу, окуучуларды жол эрежелерин сактоого үндөө экенин маалымат кызматы кошумчалады.