Жаңы депутат Нурбек Тотонов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине мүчө болду. Бул боюнча чечимди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети кабыл алды.
26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуп мандатын Нурбек Тотоновго тапшырган.
Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектеп келген.
24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын директору болуп дайындалган.