Бишкек ЖЭБине өлкө аймагындагы көмүр казган ишканалардан 280 миң тонна кара алтын алып келинди

Акыркы 4 ай аралыгында Бишкек шаарындагы ЖЭБге өлкө аймагындагы ишканалар тарабынан өндүрүлгөн 280 миң тонна көмүр алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда "Кыргызкөмүр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Бишкек жылуулук борборуна 15 ишкана тарабынан кара алтын алып келинген. Ушул жылдын 1-ноябрына карата ЖЭБге 276 миң 859 тонна көмүр келип түшкөнү маалым.

Буга чейин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жылына Бишкек ЖЭБине 1 миллион тоннага жакын көмүр алынары айтылган. Анын 70 пайызын Казакстандан сатып алганы да белгилүү болгон. Айрым депутаттар көмүр сатып алуудагы акча каражаттарды башка өлкөгө кетирбөө үчүн ЖЭБге жергиликтүү ишканалар өндүргөн көмүрдү сатып алуу керектигин белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан