Саясий күчтөрдүн курултайында Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Курултайда 4 багыт боюнча доклад жасалып, анда учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана Жогорку Кеңештин акыркы эки чакырылышынын ишине баа берилет.

Уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 13-ноябрда өткөргөн маалымат жыйынында курултайга жалпы 650 адам катыша турганын айтты.

"Ушул жылдын жаз айларында саясий, коомдук жана мекенчил күчтөр Туруктуу элдик кеңеш түзүп, анын негизинде курултай өткөрүү боюнча демилге көтөрүп чыкканбыз. 24-ноябрда ал курултайды өткөрүп жатабыз. Ага катышуу үчүн уюштуруу комитетине 10 саясий партия, 20дан ашуун өкмөттүк эмес уюмдар жана мекенчил жигиттерибиз өз катын жиберишти. Азыр деле катышуу максатында каттар келип жатат. Курултайга жалпы 650 адам чакырылат. Анда саясий партияларга 250, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө 150, мекенчил күчтөргө 150, жеке ишкер жана саясатчыларга 100 мандат берилет", - деди Дүйшөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bazake
2018-11-13 13:13:26
Сооронбай Жээнбековду кое туруп Атамбаевдин отчетун алалы. Кытайдан келген карызды кустуралы. Сооронбай Жээнбековго эл 6 жылдан кийин өзү эле баасын берет.
0
Erik2018
2018-11-13 13:21:09
Атамбаев элге отчет деле берген жок. Албетте ишинин жыйынтыгы жок болсо эмнени берет эле. Азыркы президент курултайы жок эле өз каалоосу менен отчет берет.
+2
Bektur2011
2018-11-13 13:32:52
Баарын убакыт көрсөтөт
+1
Rifle_I
2018-11-13 13:35:19
Атамбаевге минус баа берилиш керек. ЖК жок болсун. Жээнбековго азырынча бир жылдык ишине 2
+3
nuri1
2018-11-13 14:10:43
Жээнбеков АШАны сатып кетти. Жээнбековдун эч бир жарытаарлык иш кылганын коро элекпиз. Кыскасы Сокеден эч умут жок.
0
Jango
2018-11-13 14:25:35
Окмоттук эмес уюумдарды такыр жолотбош керек алар только сырттан келген тапшырмаларды аткарышат лучше жабып салыш керек окмоттук эмес уюумдарды экинчиден бул курултайдын эч кандай пайдасы жок кошоматчылар барышат
+2
yrmat88
2018-11-13 14:28:16
Жээнбековдун президент болушуна АЩАнын салымы чон болгон. Негизги талапкерлердин бир Бабановду жеткен шылуун катары мүнөздөп келишкен. Бирок, иш жүзүндө Сооронбай Жээнбеков Бабановдон ашып түшкөн шылуун экенин көргөздү.
+2
talaa11
2018-11-13 23:54:07
Атамбаев козго корунбой жоголчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан