Саясий күчтөрдүн 24-ноябрда өтчү курултайында коомдук тартипти "Кырк Чоро" кыймылы камсыздайт. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев уюштуруу иштери боюнча өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Андан сырткары милиция кызматкерлерин да тартуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
"Коомдук тартипти камсыздоо өтө маанилүү. Ал үчүн биз ички иштер органдары менен макулдашып, алардан кызматкер алууну пландап жатабыз. Андан сырткары коомдук тартипти сактоого өзүбүздүн "Кырк Чоро" кыймылыбыз тартылып, жоопкер болушат", - деди Дүйшөбаев.
Ал эми уюштуруу комитети курултайды өткөрүүгө кетип жаткан каражатты өздөрү чогултуп жатканын кошумчалады. "Кандай гана иш-чара өткөрбө ага акча каражаты сарпталат. Учурда коомдо курултайга кеткен каражаттар боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Ошондуктан биз бийликтен дагы, оппозициядан дагы бир тыйын албаганыбызды расмий түрдө айтып коёлу. Каражат уюштурууга катышып жаткан адамдар тарабынан өз ыктыярына жараша чогултулуп жатат", - деди Дүйшөбаев.
Курултай Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.