Депутат Чыныбай Турсунбеков дары-дармекке болгон бааны көзөмөлгө алуу керектигин айтты

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков Кыргыз өлкөсүндө кеңири жайылган кан басым оорусунун дарысы башка чет мамлекеттердин баасынан эки эсе жогору экенин айтып, баа эмнеге көзөмөлдөнбөй жатканын сурады. Бул тууралуу депутат парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында айтып чыкты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев дары-дармекке болгон баа олуттуу көйгөй болуп жатканын айтты. “Дарыларга болгон баа боюнча көйгөй учурда Коопсуздук кеңешинде да каралып, бул маселе боюнча иштер жүрүп жатат”, - деп билдирди Каратаев.
Турсунбеков дарыга болгон бааны тез аранын ичинде көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shaa-82
2018-11-13 14:40:42
ДАры дармектин баасынан да сырттан келген дарыларды, чет мамлекеттин дарыларын козомолго алсанар жакшы болмок. Россиянын дарылары арзан эле турат, башка олконун ошол эле дарылары кымбат келип атат, карапайым элдин чонтогуно эле зыян.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан