Суук түшкөнүнө байланыштуу борбор калаадагы убактылуу баш калкалоочу жайлар кайрадан ачылып, өз ишин баштады. Азыркы тапта Бишкек шаарында жалпы 4 борбор иштеп жатат. Алардын бири "Коломто" борборунда туруктуу жашай турганга үйү жок баласы менен эшикте калган аялдар гана жашашат. Ал эми башка жайларда эркек, аялы аралаш жашайт.
Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Үмүт үйү" борборунда азыркы тапта жалпы 37 адам бар, борбор өзү 50 адамга эсептелген. Бул жайда 2 жылдан бери координатор болуп иштеп келе жаткан кызматкердин айтымында, жыл сайын борбордо баш калкалоо үчүн келгендердин саны өсүп келет.
"Борбор өзү 50 адамга эсептелген, азыркы тапта дагы кошумча орундарды түзүп жатабыз. Борбордо жылдан-жылга шарттар жакшыртылып жатат, ошого байланыштуубу же борбор тууралуу маалымат көпчүлүккө жете баштадыбы, айтор, кайрылгандардын саны өсүүнүн гана үстүндө", - дейт координатор.
Аталган жайдын ички тартиптери бар. Мисалы, имараттын ичинде жана короосунда спирт ичимдиктерин ичүүгө, тамеки тартууга жана чыр-чатак чыгарууга тыюу салынган. Сырттан ар кандай таштандыларды да борборго алып киргенге болбойт.
"Көнгөн адат менен эле борбордун көпчүлүк жашоочулары сырттан ар кандай таштандыларды көтөрүп келе беришет. Борборго ар кандай адамдар келет, айрымдары үй-жайы, бала-бакырасы бар эле адамдар, ар кандай үй-бүлөлүк маселелерден улам үйүнөн чыгып кетип, 1-2 күн түнөп кетишет. Ал эми айрымдары борбор ачылгандан баштап жаз мезгили келгенге чейин ушул жакта жашашат. Кыш түшкөндө колу-бутун үшүккө алдырып ийип же болбосо арактын айынан өлүм алдында жаткандар да келет. Мындай учурларда биздин борборго бекитилген 15-бейтапкананын нөөмөттөгү дарыгери келип көзөмөлдөйт. Көпчүлүгү абалы кичине жакшырып калганга чейин жатышат да, кайра эле ичип алышат. Ошондой эле ушул жактан жакшы болуп, сүйүүсүн таап алгандар да бар", - дейт Эсенкулов.
Борборго келгендер медициналык кароодон өтүп, кийимдерин жууп 3 маал тамактана алышат. Кечки ысык тамак мэрия тарабынан каржыланат, ал эми эртең мененки жана түшкү тамактын азык-түлүктөрүн демөөрчүлөр алып келишет.
"Аймактык милиция кызматкерлери да суук күндө көчөдө калган селсаяктарды көп алып келишет. Мас абалында келген адамдар башкалардын тынчын албасын деген максатта экинчи бөлмөгө жаткырабыз. Анткени алардын көпчүлүгү ичимдик ичип, көчөдө жашап, көп нерсени башынан өткөрдүгүнө байланыштуу психикалык жактан көп жабыр тарткандар", - деген пикиринде Эсенкулов.