Депутат Сурабалдиева Улуттук банк эмне үчүн 2 миң сомдук банкнотаны чыгарганына кызыкты

Депутат Эльвира Сурабалдиева аймактарга интернет жеткирүү үчүн 150 миллион сом алынганын айтып, кайсы аймактарга коротулганын сурады. Ал аталган суроо менен каржы министри Адылбек Касымалиевге бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында кайрылды.
Касымалиев бул тууралуу так маалыматы жок экенин айтты. Сурабалдиева тактап, кагаз түрүндө жооп берүүсүн сурады.
Ошол эле жыйында Эльвира Сурабалдиева 2 миң сомдук банкнотаны чыгарууга канча каражат кеткенин сурады. “Эмне себептен 2 миң сом? Чыгарганга жараша 6-7 миң сомдук банкнота чыгарбайсыңарбы?!” - деди ал.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2 миң сомдук банкнота сомдун 25 жылдыгына карата чыгарылганын билдирди. Ал эми аны чыгарууга канча каражат кеткени тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mamiev
2018-11-13 16:00:54
Акчанын баркын кетирбей 5000миндик боюнча эле калганы жакшы. Эртең он миң анан 20 миндик чыгаргыла.
+2
haydarkan
2018-11-13 16:52:12
Mamiev, оаа анан журрйлу жейиндерге окшоп миллионду каптап капка салып гапин бомы гапир деп. Андан коро кантип онугобуз ошону ойлонойлу
+4
nerrazuri
2018-11-13 18:18:34
haydarkan,:)ха хаа сонун жазыптырсын
0
Flowhive
2018-11-13 19:19:23
Маанисин тушунсонор ,кеп кагазда эмес,ошо кагазды жасаттык деп акча жеп калуу
+3
Mamiev
2018-11-13 20:05:32
Flowhive,жакшылап окуп ал тууган. Маанисин тушундук бирок жогоруда айтып жатат чыгарганга жараша 6 7 миндик чыгарбайсынарбы деп
-1
tular
2018-11-13 23:33:40
Бул депутат айым билип туруп атайлап сурап жатабы (шылдындап) же ушунчалык акылы кем айымбы!!!
Чон банкнотторду чыгарганга жараша ошончо алтын менен корголушу керек да, казынада анча акча жок болсо, фантиктей кылып чыгара бермек беле. ИДП (ички дун продукция) колому аз болсо, бюджетибиз жыл сайын дефицит менен жабылса анан кайдагы алтын болот бизде?! Андп 6000 сомдук банкнотторду чыгарса 2000 сомдук банкноттор 3 эсе аз чыгарылмак, ушул элементардык логикасын иштетсе болмок Улуу урматтуу ай
+2
tular
2018-11-13 23:35:32
Улуу урматтуу айым!!!(уландысы)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан