“2014-жылдан бери “Ислам” банкы ачылат деп айтылып жаткан. Бирок ушул учурга чейин бул тууралуу так маалымат берилген жок. Эмне болуп жатат?” Аталган суроо менен бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Айнура Осмонова улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго кайрылды.
Абдыгулов азыркы учурда “Ислам” банкын түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
“2014-жылы Кыргыз өлкөсүнүн президенти менен “Ислам” банкынын президенти жолугуп, ислам банкын ачуу тууралуу келишим түзүлгөн. Учурда изилдөө рыногу жүргүзүлүп, бизнес план жасалды. Мындан тышкары Ислам өнүктүрүү банкы бирге иштешүү үчүн потенциалдуу инвестор банктардын да тизмесин берди. Ал банктарга кайрылуу жөнөтүлдү", - деди Абдыгулов.
Чиновник бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө исламдын шарттарында тейлеген бир дагы банк жок экенин айтып, ошол себептен “Ислам” банкын ачуу пландалып жатканын кошумчалады.