Борбор калаанын көчөлөрүндө көйгөй жараткан жасалма дөңчөлөр

Бишкек шаарынын көчөлөрүнө орнотулган жасалма дөңчөлөр көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгын айдоочулар айтып, нааразы болушууда. Алар кар жааган соң, дөңчөлөр убагында тазаланбагандыктан алды жапыз унаалар үчүн бийиктеп кетип жатат дешет.

Унаа ээлеринин айтымында көйгөйдү жаңы орнотулган кеңейтилген дөңчөлөр жаратууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын билдиргенине ылайык, аталган дөңчөлөр "Бишкек асфальт сервис" ишканасы тарабынан орнотулган.

"Бишкек асфальт сервис" тарабынан орнотулган дөңчөлөр колдонууга берилген соң, алардын абалына, тазаланышына "Тазалык" ишканасы жооптуу болуп, көзөмөл кылышат", - дейт басма сөз кызматы.

"Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынын билдиргенине ылайык, шаар боюнча жалпы 130 жаңы жасалма дөңчөлөр бар.

"11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү жана 12-ноябрда кар токтоосуз жааганына байланыштуу "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешти. Дүйшөмбү күнү таңкы саат 4:00дөн тартып жолдорду атайын унаалар менен катар, кызматкерлер да кол менен тазалап жатышты. Кар унаалар өткөндө эрип, кайра тоңуп атып дөңчөлөр муз болуп калган. Азыркы тапта да аларды тазалап жатабыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Arman7
2018-11-13 21:45:00
Озу ушундай кылганынар туура эмес жаныча ыкманы ойлоп тапсанар болмок да мисалы зебрага 10м калганга чейин майда-майда кылып 3ту койсонор машинанын астыда тийбейт ошол зебрадан отуп жаткан айдоочу алдыда жоо жургунчу отуучу жол бар экендигин алдын ала билет.Силер аны зебрага койуп койгонсунар,андан отуп жургон айдоочу унутуп калбаса акырын барат токтой ала турган болуп,а билбеген байкабай калган айдоочу эмне кылат зебрадан 60та отуп кеткенден кийин акырындайбы анда эмне кереги бар.
-3
Take_men
2018-11-13 23:06:00
Arman7,эң туура
+3
Arman7
2018-11-13 21:46:53
Билбейм качан эл учун иштейсинер
+1
Tolkun555
2018-11-13 21:49:44
ХХ кылым
-2
Tolkun555
2018-11-13 21:52:28
Техниканын онуккон мезгилинде лопата менен кум чачып.авто жолдорду да лопата менен тазалаган кыргызстанда эле болсо керек
0
Baatirbek81
2018-11-13 22:13:53
Бул дөңчөлөрдү койбосо кебир дөңбайлар учуруп айдап жатышпайбы,негизи биздин элге эмне жагат билбейсиң.
+2
Take_men
2018-11-13 23:08:11
Дөңчөлөр керек. Бирок жапысыраак болсо деле акырын өтмөкбүз. Кечээ кечинде Гогольдо ар экинчи машина музга асылып калып элди кыйнады
-2
Kyrgyz_bloger
2018-11-13 23:08:28
Супер инфо ошол асфальт сервис ишканасына айтып койгулачы ушундай дончодон тунгучта дарожка деген жерге да бирди койсун отуш коопту машиналар сузуп кетиши мумкун
+1
kuba.kq8705
2018-11-14 09:42:50
ылдамдыкты олчогуч апараттарды, видео козомолдорду орнотсо дончолордун кереги жок болот эле
0
kenje-888
2018-11-14 09:51:51
Аны айтасынар эми кыш келет дегенде, жол ондойбуз деп жолду казып салганда куйосунда. Болду эми кышы мн жатат жабылып, байкуш эл эле кыйналат суукта жердин баарын айланып. Кыргызстан онолбой калды го....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан