Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.
SUPER.KG порталынын "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Анын пикиринде, оппозициянын бар болушуна бийлик өзү кызыкдар болушу керек.
“Кыргыз мамлекети Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп саналат. Анын себеби бар. Анткени бизде ар дайым күчтүү оппозиция жана эркин массалык маалымат каражаттары болуп келген. Ушул 2 нерсе жок болгондо бизди демократиялуу деп санаганга негиз жок болот эле. Оппозициянын эң негизги функциясын парламенттеги оппозициялык партиялар аткарышы керек. Бирок бизде депутаттар дагы, фракциялар дагы күн карама сыяктуу. Алар кайсы бийлик болсо, кайсы президент келсе ошол жакка ооп кете беришет.
Бизде дайыма парламенттик эмес күчтөрдүн оппозициялык ролу абдан маанилүү болуп келген. Бирок азыр бул талаа да бош болуп жатканын көрүп жатабыз. Оппозициянын болушу абдан маанилүү. Бийлик оппозицияны басып, жок кылууга аракет кылса дагы майнап чыкпайт. Башка жолдор менен бийликке каршы чыкканга аракет жасай беришет. Бул нерсе революцияга жол берет. Ошондуктан оппозициянын болушуна бийлик өзү кызыкдар болушу керек”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.