Акыркы убакта оппозициялык күчтүн жоктугу саясий кризиске алып келери талкуу болуп жатат.
SUPER.KG порталынын "Өлкөдө күчтүү оппозициянын жоктугу кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.
Ал Жогорку Кеңеште оппозициянын аты бар, заты жок дейт.
“Оппозициянын жоктугу авторитаризмге алып келиши мүмкүн. Анда өзүм билемдик, бийликтин үстөмдүгү, коррупция пайда болушу ыктымал. Жакында өтчү курултайда дагы бийликке конструктивдүү сунуштарды беребиз. Андан кийинки кадам бийликтин мамилесине жараша болот. Ал эми Жогорку Кеңештеги оппозициянын аты бар, заты жок. Өкмөттү шайлаганда деле оппозициянын күчүн көрсөтө албай жатышат да”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, саясатчылар Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.