Эльвира Сурабалдиева: "Балдар үчүн ачылган циркти жаап, эмне үчүн кафе ачылды?"

Депутат Эльвира Сурабалдиевага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын ата-энелери ага расмий кат менен кайрылып жатышканын бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал Бишкектин циркине байланыштуу маселени көтөрдү.

"Кыргыз мамлекеттик циркинде балдар үчүн курстар жабылып, анын ордуна кафе ачылган. Ата-энелер цирктин алдында цирк искусствосу боюнча курс ачылганын, бирок көп өтпөй ал жабылып ордуна кафе ачылганын айтышты. Бул маселе боюнча Башкы прокуратурага кайрылам. Колунда жокторду шылдыңдаганыңарбы? Балдарды окутабызбы же кафе, түнкү клуб ачып, балдарды туура эмес жактарга коё берелиби? Анда бизди кандай коом күтөт?" - деп нааразы болду Сурабалдиева.

Эл өкүлү жогоруда айтылган маселелер боюнча тиешелүү министрликтерге ишти колго алуу боюнча тапшырма берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан