Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Рустам Тейишов жарым чейрек финалда жеңилип калды

Бүгүн, 13-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү орун алды.

Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Рустам Тейишов жарым чейрек финалдын алкагында азербайжандык Мурад Маммадов менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө азербайжандык балбан упайлар санын 4:1 кылып жеңишке жетти. Муну менен Мурад Маммадов мелдештин чейрек финалына чыкса, Тейишов азырынча медаль үчүн күрөштү токтотту. Мурад Маммадов финалга чейин өтө алса, Тейишов көңүл жубатуучу раундда, андан соң коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алат.

Буга чейин Рустам Тейишов болгариялык Августин Боянов менен 8:6 эсеби менен утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан