Мышыкты байлап, андан кийин атып өлтүргөн адам аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, видеодогу атуулдун аты-жөнү аныкталып, ички иштер башкармалыгына алып келинген.
Видео 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында тартылган. Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган Ильяз Кубатбеков үйүнүн алдындагы короосунда өзүнүн 1 жылдык мышыгынын моюнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып, байлап алып, тир мылтыгы менен эки жолу атып, өлтүргөн.
Аталган окуя "жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо” фактысы менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.