Бүгүн Бишкекте, Чүй жана Ош облустарынын бир катар айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар айылдарда жабдууларды орнотуу, текшерүү жана электр чубалгыларын бадалдардан тазалоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектрдин" басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда Бишкектин Бакай-Ата, Көк-Жар, Керемет, Ак-Босого, Ынтымак, Ак-Ордо, Ак-Өргө конуштарындагы көчөлөрдө, Токомбаев, Элебесов көчөлөрүнүн бир бөлүгүн жана 6-кичи районунда электр жарыгы саат 09:00дөн 18:00гө чейин өчүшү мүмкүн.

Чүй облусундагы айрым айылдарда саат 08:30дан 17:00гө чейин электр жарыгы өчөт. Алар Аламүдүн районундагы Көк-Жар жана Лебединовка айылдары, Сокулук районундагы Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Жыламыш, Комсомол айылдары жана Ак-Ордо конушу. Мындан сырткары Москва районундагы Беловодский, Большевик, Заря, Садовое айылдарында, Кара-Балта шаарындагы айрым көчөлөрдө жарык өчүшү мүмкүн.

"Ош электр" ишканасынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, саат 08:00дөн 17:00гө чейин Кара-Суу районундагы Ачы, Беш-Мойнок, Асанчек, Кыргызчек, Каарман, Манас, Достук, Фуркат, Кыш-Абад, Ош-3000, Жаңы-Кызылсуу, Казак, Чоок, Кожомбак, Фархад, Тажибай, Питомник, Беш-Капа айылдарында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле Ноокат районундагы Айбек, Көтөрбө, Заправка, Кашкалдак айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
daniyar93
2018-11-14 08:15:06
Жазда Ондош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан