Бишкекте кант диабетине каршы күрөшүү акциясы өтөт. Дүйнөдө аталган оорудан 422 миллион адам жабыркайт
Бүгүн, 14-ноябрда Диабеттин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкектеги Эмен багында атайын жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул жылы акция "Диабет ар бир үй-бүлөгө тиешелүү" деген ураан менен өткөрүлөт.
"Акцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтин өкүлдөрү, шаар тургундары катышат. Иш-чаранын максаты - калктын көңүлүн кант диабетине жана оорунун түйшүктөрүнө буруу. Акциянын жүрүшүндө жөө жүрүш, флешмоб, жана концерттер уюштурулат. Мындан тышкары иш-чара өткөн аймакта медициналык бурчтар иштеп, анын ар бир катышуучусу кандагы глюкозанын деңгээлин, кан басымын акысыз текшерте алат", - деп жазылат маалыматта.
Министрликтин маалыматында белгиленгендей, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө кант диабетинен 422 миллион адам жабыркайт. Андыктан оорунун алдын алуу зарылчылыгы өтө чоң, антпесе 2030-жылы кант диабети адамдардын өлүмүнүн эң көп себепкери болгон оорулардын 7-катарына кирет.