2018-жылдын январь жана сентябрь айларынын аралыгында Орусияга 247 миң 658 Кыргыз жараны жумуш издеп барган. Мындай маалыматты жергиликтүү ЖМКлар "Орусиядагы Мигранттардын федерациясы" деп аталган коомдук уюмдун маалыматына таянып жазууда.
Ал эми ушул эле 9 айдын ичинде Орусияга Өзбекстандан 3 миллион 400 миң адам барганы көрсөтүлгөн. Анын 1 миллион 573 миң 791и жумушка орношуу максатында барышкан. Экинчи орунда Тажикстандын жарандары турат. Ал жактан 1 миллион 745 миң 554 адам барса, 790 миңдейи жумуш издеп барган. Үчүнчү орунда Украина өлкөсү (347 миң 272 жаран) турса, төртүнчү орунда Кыргыз өлкөсү (247 миң 658 жаран) турат.
Такталбаган маалыматтарда сыртта иштеп жүргөн Кыргыз мигранттардын саны 1-1,5 миллионду түзөт. Анын ичинен Орусияда эмгектенип жүргөндөрдүн расмий саны учурда 600 миңге жакын. Ал эми расмий эмес сан мындан да көп.