Швейцариядагы басылма тарабынан түзүлгөн рейтингде Кыргыз жери эс алууга ылайыктуу өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган өлкөдө билим алып жаткан Айсулуу Мукай кызы билдирди.
"Мен Швейцариянын Букс деген шаарында жашап, окуйм. Лихтенштейн Кньяздыгына жакын жашагандыктан дайыма гезиттерин окуп турам. Бүгүн "Fritig" деген (кыргызча - Жума) гезитинде бир макаланы окуп сүйүндүм. Гезиттин Лайфстайл - жашоо образы (lifestyle) деген бөлүмүндө жыл сайын эс алууга ылайыктуу деп саналып, окурмандарга сунушталган өлкөлөрдүн рейтинги түзүлүп турат. 2019-жылга карата түзүлгөн рейтингде Кыргыз мамлекети 5-орунду ээлептир. Бул маалымат аркылуу Швейцариянын, Лихтенштейндин тургундарынын Кыргыз жерине эс алууга келүү боюнча кызыгуусу арбыйт деп ишенем", - дейт ал.