13-ноябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде “2018-жылга карата бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды.
Каржы министри Адылбек Касымалиев ушул жылдын 10 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 12,2 миллиард сомду түзгөнүн маалымдады.
"2018-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнө (трансферттерди жана атайын каражаттарды кошпогондо) 12 миллиард 231,8 миллион сом келип түштү, тактап айтканда, план 98,1 пайызга аткарылды. Бирок план боюнча 12 миллиард 474,3 миллион сом түшүшү керек болчу. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 1 миллиард 2,3 миллион сомго көбөйдү", - дейт Касымалиев.