Бишкектеги №21-адистештирилген мектеп интернатында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы фестивалдын ачылышы болду. Бул тууралуу 14-ноябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маданий иш-чара 17-ноябрга чейин уланат. Маалым болгондой, катышуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иш алып барган коомдук бирикмелер, фонддор, реабилитациялык борборлордон 1800гө жакын арыз келген.
"Жыл сайын катышуучулардын саны өсүп жатат. Алардын талантын белгилүү маданий ишмерлер, жогорку окуу жайларында иштеген доценттер баалашат. Фестивалдын байге фонду 500 миң сом. Катышуучулар ырдоо, хор, көркөм окуу, музыкалык инструменттерде ойноо, мода көргөзүү, пантомима, бий боюнча күч сынашат", - деп айтылат маалыматта.
Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөр арасында (токуу, жыгачтан жасалган буюмдар, шурудан аксессуарларды жасоо, акварель) дагы сынактар өтөт.