Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина мектептерге медициналык пункттарды кайра ачуу керектигин айтты.
“Бир кезде айрымдардын мектептердеги медициналык пункттарды алып салуу идеясы болгон. Бул туура эмес. Балдар шамдагай болот. Ошондуктан медициналык пункттарды кайрадан ачуу керек. Медициналык пункттарды кайра ача аласыңарбы?” - деп сурады депутат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы курулуп жаткан мектептерде медициналык пункттар болот. “Саламаттыкты сактоо министри, билим берүү жана илим министри менен бардык мектептерге медициналык пункт керек деген пикирге келдик”, - деди Өмүрбекова.
Жыйында билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу боюнча өкмөттүк саат өтүүдө.