Депутат Рыспаев мамлекеттик органдар бала бакчалардын имараттарын ээлеп жатканына нааразы болду

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу боюнча өкмөттүк саат өтүп жатат.

Депутат Кожобек Рыспаев мамлекеттик органдар бала бакчалардын имараттарын ээлеп жатканын айтып, бул боюнча иш жүргүзүлүшү зарыл экенин айтты. "Соттор, милициялар бала бакчалардын имараттарын ээлеп жатат. СССР убагында алардын мекемеси жок беле? Бул боюнча иш алып баруу зарыл", - деди депутат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул боюнча иш жүрүп жатканын айтты. "Мамлекеттик органдар отурган бала бакчалардын имаратын кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө. Быйыл Бишкек шаарында эки бала бакчанын мекемеси кайтарылды", - дейт Өмүрбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан