Бишкекте саатына мыйзамсыз батир бергендерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, батирди саатына ижарага берген жарандардын көпчүлүгү мыйзамдуу иш алып барат, башкача айтканда, салыктарды төлөшөт.
"Ижарага батир берип иштегендердин арасында мыйзамсыз иштегендер да бар. Жарандардан түшкөн арыздардан улам жана жергиликтүү бюджеттин казынасына киреше алып келүү максатында Свердлов райондук администрациясы менен Салык кызматынын өкүлдөрү рейд жүргүзүшүүдө. Рейд учурунда батир берип иштегендер каттоого алынып базага киргизилет. Андан соң батир ээлерине салыкты убагында төлөө боюнча маалымдама жиберилет", - дейт басма сөз кызматы.