Парламентте төрөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңеште төрөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

“Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ратификация” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадаминжан Каратаев билдиргендей, каржылоонун пилоттук долбоору 2014-жылдын июль айында башталган жана 2018-жылдын аягына чейин узартылат. “Жыйынтыктардын негизинде каржылоонун долбоору саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялар боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун каражаттарынын эсебинен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлгөн. Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын колдоосу алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылууда. Бардык 64 райондук оорукананын материалдык-техникалык абалы жакшыртылат. Райондук ооруканалар жабдуу менен камсыздандырылат жана төрөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин билими жогорулатылат”, - дейт министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан